Коом

Тоң райондук сотунун төрайымын кылмыш жообуна тартууга уруксат берилди

28-сентябрда Соттор кеңеши башкы прокурордун Тоң райондук сотунун төрайымы Абдинасирова Гүлзат Ниязбековнаны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун карап, макулдугун берди.

Соттор кеңеши маалымдагандай, аталган төрайым «Пара алуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыпталууда.

Ошондой эле Абдинасированы кызматынан убактылуу четтетүү боюнча президентке сунуш жөнөтүлдү.

Эске салсак, Гүлзат Абдинасирова аталган кызмат ордуна 2023-жылдын апрель айында бекитилген. Ага чейин Жогорку сотто иштеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button