
Астана мэриясы масштабдуу иш-чарага даярдыгы тууралуу маалымат берди:
▫️Оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт
▫️Спорттун 20 түрү боюнча 110 комплект медаль ойнотулат
▫️Көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 түрү камтылган
▫️Оюндар «Астана-Арена» стадионунда, Үчкемпиров атындагы менчик сарайында, «Алау» муз аянтчасы орун алган жайда, «Казакстан» жеңил атлетика спорттук комплексинде, «Думан» мейманкана комплексинде жана «Казанат» ипподромунда өтөт
▫️Ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге «Көчмөндөр ааламы» этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот
▫️1000 ыктыярчы тартылат.
📌Көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрь күндөрү Астанада өтөт. Буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон.



