Коом
Пакистандык жаран өз мекендештеринен 600дөн 5000 долларга чейин алып, Кыргызстандагы тигүү цехтерине ишке орноштуруп турган
Бул туурасында Чүй облустук милиция билдирди.
30 жаштагы И. М. жердештерине эмгек визасын жана Бишкектен акча көп төлөнүүчү жумуш убадалаган. Бирок аларды туристтик виза менен алып келген.
Милиция шектүүнүн мигранттарды тигүү цехинде мыйзамсыз иштөөгө мажбурлаганын маалымдады.
Натыйжада пакистандык кармалып, “Мыйзамсыз миграция уюштуруу”, “Алдамчылык” жана “Адам сатуу” беренелеринин 40 эпизоду боюнча айып тагылды.



