Ысык-Көлдүн милициясынын башчысы өздүк курам менен жолугушууларды өткөрүүдө

Облустун бардык шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Орунбай Кочкоровдун жолугушуусу өздүк курамдын иштөө шарттары менен таанышуудан башталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин башчысы бөлүмдөрдүн штаттык бирдиктердин толугуна, аткарылып жаткан иштерге жана орун алган көйгөйлүү маселелерге өзгөчө көӊүлдү бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө облустук милициянын башчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигин жыл жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында коюлган талаптарды милиция кызматкерлерге кеӊири жеткирип, министр Улан Ниязбеков тарабынан белгиленген ички иштер органдарынын алдында жыл ичинде аткарыла турган 10 багытка өзгөчө басым жасады.
Иш-чаранын соңунда милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Ысык-Көл облусунда жарандардын коопсуздугун камсыздоого кошкон баа жеткис салымы үчүн жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

«Ар бириңер үчүн менин эшигим ачык. Мен ар дайым сиздердин сунуштарыӊарды угууга даярмын. Орун алып жаткан көйгөйдү изилдеп, мүмкүн болушунча тезирээк чечүүгө аракет кылам. Кызматтагы негизги милдеттер менен катар, өздүк курам арасында бекем ынтымакты жана тартипти сактоону маанилүү деп эсептейм», — деп белгиледи облустук милициянын башчысы.
Ошондой эле, башкармалыктын башчысы бөлүмдөрдүн иш кагаздарын текшерип, аларда бардык керектүү бланктар жана арыздар бар экендигине көз салуу үчүн арыз берүүчү бурчтарды карап чыкты. Мындан тышкары, акча төлөп батирлерде жашаган кызматкерлердин жашоо шарты менен жагы кеӊири таанышып чыкты, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.





