Коом
Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, бороон уруп жатат

Буга байланыштуу «Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө бар экендигин Транспорт министрлиги кабарлады. Ошондой эле Төө-Ашуу жана Ала-Белде, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө.
Министрлик сапарга чыгар алдында айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алууну, жол эрежелери менен унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырат.
@user2abal-kg



