Коом

Журналист айым балачагындагы кыялын орундатып, учурда кыргыз милициясында кызмат өтөөдө

Сулуулуктун эталону болгон кыргыз айымдарынын бири милициянын кенже сержанты Урмат кызы Гулжан учурда Баткен РИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын милиционери болуп кызмат өтөйт. Кесиптешибиз 1996-жылы Ош облусунун Кара-Кулжан районунун 1-май айылында туулган.

Төрт бир туугандын кенжеси. 2013-жылы ОшМУнун орус филология факультетине тапшырып, 2017-жылы аяктаган. Азыркы учурда ИИМдин Академиясында да билим алып жатат. Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн мурда журналисттик кесипти аркалап, элдин көйгөйүн, өлкөбүздө орун алган акыркы окуяларды чагылдырып келген. Бул сапар окурмандарыбызга кесиптешибиз Гүлжан айымдын маегин сунуштайбыз.

  • Кыргыз милициясында кызмат өтөөгө эмне түрткү болду?

-Кыргыз милициясында кызмат өтөө бул менин балачагымдагы кыялым эле. Мектепти аяктаган соң, негедир ата-энем бул кесипти тандашыма каршы болушкан, ошондуктан такыр эле башка окуу жайга тапшырганга аргасыз болгом. Бирок эч өкүнбөйм. Анткени ОшМУда окуп жүрүп, мен журналистика тармагына аралашып, ар кандай багыттагы маалыматтарды коомчулукка жеткирип, көп тажрыйба топтодум. Бирок, ошого карабастан, балачагымдагы аруу кыялдарым оюман кетпей, мен милицияда кызмат өтөөнү кыялданып жүрдүм. Бул максатым ишке аша турганын досторума, журналист кесиптештериме айта берчүмүн. Бир күнү бир таанышым айтып калды. “Сенин мүнөзүң милицияда кызмат өтөөгө ылайыктуу, өжөрлүк, кайраттуулук, чечкиндүүлүк бар. Азыр деле кеч эмес. Окууга тапшыр, сынакка катыш. Эгерде сага ушул кесип чындап буйруган болсо, анда иштеп кетесиң”,-деп ал таанышым мени шыктандырып койду. Ошол сөз мага чоң таасир калтырды окшойт, дароо Баткен ОИИБде ички иштер органдарынын кенже курамы үчүн сынак болуп атканын угуп, документтеримди тапшырып, ийгиликтүү өтүп кеттим.

-Журналистика тармагында да тажрыйбаңыз бар. Милицияда кызмат өтөөдө мурдагы кесибиңиз кандай таасир этет?

-Журналистика тармагында, тактап айтканда ЭлТР, NewTV каналдарында мен 6 жылдан ашык иштедим. Азыркы учурда мен Баткен РИИБнин Көк-Таш айыл аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматында иштеп келем. Мурдагы кесибимде мен эл аралап элдин көйгөйүн телеберүүлөр аркылуу чагылдырып келсем, азыр эл аралап, алардын коомдук коопсуздугун камсыздап, эл менен тыгыз байланышта иш алып барам. Мындайча айтканда, журналисттик кесип менен менин азыркы жумушумдун бир аз болсо да окшоштук жагы бар. Ал эми милицияда кызмат өтөөдө, менин мурдагы кесибин чоң салым кошту. Жарандар менен сүйлөшүүдө бат тилин таап, маселесин бат чечип берем.

-Баткен облусунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды алдын алууда сиз үчүн оорчулуктар барбы?

-Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү болот. Талыкпас эмгек тоодой тоскоолдукту жеңет. Бүгүнкү кылган мээнетибиз, эртеңки күнү сөзсүз үзүрүн берет. Биз күнүгө ар кандай адамдар менен иштешебиз, кээ бири түшүнүктүү болот, кээ бири бир аз ачуулукка алдырып койушат. Бирок кандай гана учур болбосун эл менен сылык мамиледе иштешип, бирөөнүн сөзүн уга билүү жана ага туура түшүндүрүү жөндөмү менен маселени чечип, ар кандай кырдаалдан чыгып кетсек болот. Айрым учурда кесиптештерибиз эмоцияга алдырып, өздөрүнүн ишин татаалдаштырып алат. Ошондуктан эң башкысы биз өзүбүздүн эмоциябызды башкара билишибиз керек деп эсептейм.

-Аялзаты үчүн милицияда кызмат өтөөдө кандай өзгөчөлүктөр бар?

-Ички иштер органдарында сен кыз баласың же сен эркек баласың деген түшүнүк жок. Сен ички иштер органдарында иштеп жатасыңбы, демек сен милиция кызматкерисиң. Барына бирдей тартип. Аялзатынын бактысы үй-бүлөдө экендиги талашсыз деп коюшатко. Менин оюмча милиция айымдардын өзгөчөлүгү ушунда болуш керек. Кечке жумушта, кээде кезметке туруп калат. Бирок ошого карабастан милицияда кызмат өтөгөн айымдар үй-бүлөдө мээримдүү эне, сүйүктүү жар, кайын-журтта ыймандуу, мээнеткеч келин болуп жетишсе, кызматта мырзалар менен бирге иштеп, коомдук коопсуздукту камсыздашып, кылмыштуулук менен күрөшүп келгени анык. Мен дагы бул кесиптин тузун татып калган соң, ушул кызматтын үзүрүн көрүп, татыктуу тартип сакчысы болууну көздөйм.

  • Келечектеги пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.

-Негизи мен алдын ала бир нерсени көп пландай бербейм. Азыр болсо, сыймыктануу менен кыргыз милициясына кызмат өтөп жаткан кезим. Алдыда мени эмне күтүп жатат, алдын ала айта албайм. Аялзаты үчүн үй-бүлөө биринчи орунда турушу керек. Балким турмушка чыгып кетсем, жолдошумдун пикири кандай болот? Колдобу же жокпу дегендей. Эгер менин тандоомду колдоп, түшүнүү менен кабыл алса, ак ниетим менен ички иштер органдарында кызмат өтөөгө даярмын.
Маегиңиз үчүн рахмат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button