Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактарда маалыматтык түшүндүрүү иштерин активдештирүү максатында, Ош облусунун Өзгөн районунун беш айыл окмотундо, мыйзамсыз таштанды жайларын тартипке келтирүү боюнча Жана абанын булганышын алдын-алуу максатында массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү менен, регионалдык башкармалыктын инспекторлору менен жана жергиликтүү айыл ɵкмɵттɵр менен жолугушуу ɵткɵрду.
Ош облусунун Ɵзгɵн, Кара-Суу, Ноокат, Араван жана Ош шаарларында жолугушуунун башкы максаты-экологиялык маселелерди талкуулоо, жергиликтүү элдерге экологиялык агартуу иштерин жайылтуу максатында, маселени жеринен чечип коомчулук менен тыгыз байланыш түзүү болуп саналат.
Биринчи куну, Өзгөн районунун беш айыл окмотундо, койгойлуу деп саналган мыйзамсыз полигондор жеринен каралып, Өзгөн шаарындагы откана текшерилип, жалбарак куйгузуп жаткан факт аныкталып, 28 000 сом олчомундо жеринде штраф салынды.
Иш-сапар Жалал-Абад облусу менен жыйынтакталат. Мындай иш-чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында ɵткɵрүлɵт.