Окуялар
УКМК баңзат ташууга шектелген кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана аларды коңшу өлкөлөргө ташуу фактысы боюнча кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, кылмыш ишинин алкагында 1989-жылы туулган, «М.М.» аттуу Кыргызстандын жараны колго түшүрүлдү.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өсүмдүктөн алынган, жалпы салмагы 7,2 килограммды түзгөн баңгизат табылган. Мындан тышкары, сырттан келген жарандарды курьер катары пайдалануу максатында даярдалган, жалпы салмагы 25,8 килограмм болгон баңгизат муляждары аныкталды.
Коопсуздук кызматынан кошумчалашкандай, учурда бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.



