Коом
Шаирбек Ташиев кыргыз тилин билбеген, жакындары соттолгон жарандарды судья болуу укугунан ажыратууну демилгеледи
Депутаттын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер ал кабыл алынса сот болчуларга төмөнкүдөй талап коюлат:
▪️жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары таанылса, оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолсо кызматка алынбайт;
▪️жакын туугандарынын кесилбегени же соттолсо, ал акталганы тууралуу маалымкат.
▪️Бардык деңгээлдеги соттор мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө сертификат (региондордо соттор ишти расмий тилде карап, котормочу жалдап убара кылган учурлар болууда);
▪️Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары расмий тилдерди билиши керек.