Ысык-Көлдө браконьерлерден 100дөн ашык мыйзамсыз кармалган балык алынды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери урук чачуу мезгилинде браконьерлик жана мыйзамсыз балык уулоо фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча рейдтик иш-чараларды улантууда.
14-февралдан 15-февралга караган түнү аталган кызматтын инспекторлору кезектеги рейдтик иш-чарасын өткөрүү учурунда мыйзамсыз балык уулоо фактысын аныкташты. Тартип сакчылары тарабынан көл жээгинде мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын 45 жаштагы тургуну Ч.Б. кармалган. Кармалган браконьерден 94 даана «Сига-Лудога» балыгы, 4 даана «Форель» балыгы жана 3 даана балык уулоочу торлору алынган.
Ушул эле күнү Түп районунда жана Пристань-Пржевальск шаарчасында мыйзамсыз балык уулоонун дагы 3 фактысы аныкталып, 4 браконьер кармалган. Кармалгандардан 43 даана ар кандай балыктардын түрлөрү жана 3 даана балык уулоочу торлор алынды.
Балыктарды урук чачуу мезгилинде кармап, жаратылышка зыян келтирген браконьерлерге юридикалык баа берүү үчүн милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтарына материалдар өткөрүлүп берилди.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.







