Коом
«Мамлекетке жардам болсун». Ак-Ордо конушундагы тургундар көчөнү өз чөнтөгүнөн оңдотушту

Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Бугу-Эне көчөсүнүн жашоочулары көчөнү өз чөнтөгүнөн оңдотушкан.
«Жолдун абалы абдан начар болчу. Окуучулар мектепке барганда да кыйналышчу. Биз кошуналар менен мамлекетке жардам болсун деп, кум-шагыл төгүп, жолду оңдон эки четине арык кылып койдук. Ар бир үй көчөт да отургуздук»,— деди тургун.
Маалыматка караганда, 18 үй 10 миң сомдон чыгарып, жолду жамашкан.



