Коом

Баткенде айдоочунун унаасын тартып алган 3 жигит жол кырсыгына кабылды

Кызыл-Кыяда түн ичинде унааны тартып алып, тоноочулук кылган үч жигит кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

24-февраль түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүнүн биринде ошол эле шаардын 24 жаштагы тургуну өзүнө таандык Opel Vectra үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатканда, бейтааныш 3 бала аны токтотуп телефонун жана айдаган унаасын ачык эле коркутуп тартып алып, изин жашырып кетишкен.

Жабырлануучу ошол эле түнү жолдо баратып шаарда кызматын өтөп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине жолугуп калып, окуяны түшүндүрүп берет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзгөндө анын унаасын айдап качкан жаран шаардын көчөлөрүнүн биринде жол кырсыгына кабылып, материалдык чыгымга учурагандыгы белгилүү болот.

Ал эми жабырлануучунун арызы катталып, 206-берене (тоноо) жана 211-берене (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки иши башталат. Кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 21 жана 19жаштагы 3 тургуну аныкталып кармалат. Учурда кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүп берилип, тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button