Коом

Бишкекте аял патрулдук унаанын терезесин талкалап салды

Бишкекте 11-январда хулиганчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда таңкы саат бештер чамасында «102» пультуна Медеров — Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кипиш» түнкү клубунун алдында аял патрулдук унаанын терезесин талкалаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык” беренеси боюнча катталган.

Патрулдук милиция шектүү катары 1993-жылы туулган М.Ш. аттуу жаранды ИИБге жеткирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал милициянын талаптарына баш ийүүдөн баш тартып, аларды кордоп, унаанын арткы сол терезесин сындырган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button