Курулушту БАЭнин шейхи Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы гуманитардык фонд каржылап, учурда иштер аяктады.
Диний окуу жай үчүн 2 гектар жер бөлүнгөн. Анда 200 адам билим алат, анын ичинен 150сү магистратура жана докторантура программасы боюнча окуйт.
Академия диний билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана салттык ислам баалуулуктарын жайылтууга өбөлгө түзүү үчүн ачылат.



