Коом
Олимпиадалык курама команданын дарыгерлерине медициналык баштыктар берилди

Алар спортчуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө керек бардык нерсе менен жабдылган.
Саламаттык сактоо министри кечээ ата мекендик спортчулардын Париждеги Олимпиаданын алдындагы жыйынтыктоочу машыгуусуна барып, кураманы коштоп жүргөн дарыгерлер менен да жолуккан. Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлерге спортчулар туура тамактануусу керектигин айтып, дыкат көз салууну тапшырды.



