Панфилов райондук сотунун жамааты мектеп-интернаттын тарбиялануучуларын майрамы менен куттукташты

Панфилов райондук сотунун жамааты райондогу мектеп-интернаттын тарбиялануучуларын Балдарды коргоо күнү менен куттукташты.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун төрайымы Гүлмира Саргалдакова баштаган судьялар Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы мектеп-интернатында болушту.


Келген конокторду мектептин директору Бакыт Алымбеков жылуу тосуп алды. Коноктор окуучуларды майрамы менен куттуктап, оюнчуктарды жана балмуздактарды белекке беришти, балдар жана алардын мугалимдери менен жылуу, достук маанайда маектешти.


Мектеп-интернаттын жамааты тарбиялануучулар менен биргеликте конокторго билим берүү мекемесинин ичинде экскурсия жасап, аларга мектеп-интернатынын жашоо шартын, чыгармачылык иштерин, балдардын колунан жасалган кол өнөрчүлүктү көрсөтүштү.
Жыйындын соңунда мектеп-интернаттын жетекчилиги жана тарбиялануучулары сот өкүлдөрүнө көңүл буруп, камкордук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.



