Коом

Кыргызстанда 1-январдан тарта ун, нан жана жем кымбаттайт

Ун комбинаттары ассоциациясы бааны көтөрүүгө аргасыз болоорун айтууда. Себеби, 31-декабрда данды алып келүү жана кайра иштетүү боюнча жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.

«1-январдан тарта дандын өздүк наркы 12%га, ун 15 пайызга кымбаттайт. Нандын баасына 18-20%га көтөрүлүшү мүмкүн», — деди ун тартуучулар ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов.

Таңкыстыкка Казакстан аркылуу эгин ташуудагы көйгөйлөр жана Россияда дан ташыгычтардын жоктугу да себеп болууда.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button