Коом
Жогорку Кеңештин төрагасы кийинки жылдан тарта медиктердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты

Нурланбек Тургунбек уулу мындай жакшы жаңылыгы менен Ала-Букадагы авариялык абалдагы медициналык жайлардын абалы менен таанышып жүрүп бөлүшкөн.
Ал калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медиктердин айлыгын жогорулатуу керектигин белгилеген.
«Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз», – деген төрага.
Спикер азыр мамлекеттин казынасы кенен экенин кошумчалаган.



