Коом

Кыргызтандын бардык аймагында жол эрежелери жаңыланууда

Кыргызтандын бардык аймактарында эскирип кеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар министрликке караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, Транспорт министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устаканадан 2025-жылдын 8 айында 7 998 жол белгиси чыгарылды.

Мындан тышкары, жолчулар тарабынан жол сызыктарын чийүү, айлананы иретке келтирүү сыңдуу жалпы жол тейлөө иштери жигердүү жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button