Коом
Чүй облусунун башчысы Рухий мурас-2 конушунда көчмө жыйын өткөрдү

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтүнүн 323-контурундагы жер маселелеринин чечилиши боюнча иштин жүрүшүн текшерди.
Ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аймактагы жер мунапысынын жүрүшүнө байланыштуу тургундардын көйгөйлөрүн укту. Канат Жумагазиев эл менен жолугушууга катышкан тиешелүү жетекчилерге жаңы конуштун жашоочуларынын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүнү тапшырды.



