Росеньор «Челси» футбол клубунун башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Британиялык адис Лиам Росеньор Лондондогу «Челси» футбол клубунун башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлады.
Сезондун аягына чейин башкы машыктыруучунун милдетин Калум Макфарлейн аткарат.
Клубдун билдирүүсүнө ылайык,
«Бул чечимди кабыл алуу оңой болгон жок. Бирок акыркы жыйынтыктар жана оюндар талапка жооп бербей жатат, ал эми бул сезондо дагы көп иштер жасалышы керек. “Челсинин” баары Лиамга келечекте ийгилик каалашат. Азыр клуб башкы машыктыруучу кызматында туруктуулукту камсыз кылуу үстүндө иштеп жатат жана узак мөөнөттүү туура тандоо үчүн анализ жүргүзөт», — деп айтылат.
Шейшемби күнү Челси Брайтон клубунан 0:3 эсебинде жеңилип калды. Бул Англия премьер-лигасынын 33-туру болчу. Команда акыркы беш оюнда утулуп, бир да гол киргизе алган жок. Азыр 48 упай менен жетинчи орунда турат.



