Коом

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 37 чет элдик жаран кармалды

 УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте өлкөдө чет өлкөлүктөрдүн мыйзамсыз жүрүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Пакистан менен Бангладештин 37 адамдан турган өздүгүн тастыктоочу документтери жок жана КРда жүрүү визасынын мөөнөтү бүткөн жарандар тобу аныкталды.

​Тартип бузгандар өздүгүн аныктоо жана тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына жеткирилди.

Компетенттүү органдар тарабынан мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button