Коом

Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 млн сомго жакын айып пул салынды

Жумгалда көмүр казган ишканага 1,5 млн сомго жакын айып пул салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматты тарабынан Миң-Куш айыл аймагындагы «Шанси Коал Инвестмент Групп» ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аталган ишканага 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 2024-2025-жылдарга карата 1 млн 484 миң сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.

«Бул чаралар жер, суу мыйзамдарынын талаптарын камсыз кылуу максатында көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button