Спорт

Париждеги Олимпиадага жолдомо. Күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды

Бишкекте эркин күрөш боюнча Азиянын лицензиялык турнири башталды.

Мелдеш үч күн бою эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өтөт.

Париждеги Олимпиада оюндарына 36 лицензия ойнотулуп, финалга чыккан спортчуларга гана берилет.

Бүгүн эркектер арасында эркин күрөш боюнча 12 лицензия ойнотулат. 20-апрелде аялдар арасында, 21-апрелде грек-рим боюнча өтөт.

Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button