Коом

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз кураманын формасы көрсөтүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган курама командалардын параддык жана спорттук экипировкасы даяр. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ата-мекендик компания даярдаган.

Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма ( калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма ( кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button