Коом

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин бир добуштан сунуштады

Сатыев 50 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 

2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. Ошол кезде ал экинчи судья Курманкул Зулушев менен бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп айыпталган ЖКнын депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган. Кийинчерээк эки судья тең “кылмыш ишин кароодо КР Жазык-процесстик кодексин одоно бузгандыгы үчүн” кызматынан бошотулган.

2020-жылдын октябрында Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Кийинчерээк Сот департаментинин директору, ал эми ушул жылдын январынан тарта Жогорку Соттун судьясы болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button