Коом

Бишкекте жетим балдарга гуманитардык жардам таратылды

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балага гуманитардык жардам таратылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты.

Биринчи орун басар Ализа Солтонбекованын айтымында, аталган жардам министрлик менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке ашууда.

«Бул азык-түлүк түрүндөгү жардам Дубай шаарындагы «Аль-Махтум» фонду тарабынан көрсөтүлдү. Ошондой эле буга «Жаркын жаштар келечеги» фондунун салымы чоң», — деп билдирген ал.

Ализа Солтонбекова муктаждарга колдоо көрсөтүү багытында иш-чаралар улантыларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button