
Кыргыз курамасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында Малайзия командасы менен кезигет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-июнда өтөт.
Башталышы саат 21:00.
Учурда ата мекендик команда 9 упай менен D тайпасында биринчи орунда турат. Оман командасынын активинде ушундай эле сумма бар.
Кыргыз курама командасы өз талаасында жеңишке жетсе, квалификациянын үчүнчү баскычына эрте өтүшү мүмкүн. Ошондой эле алдыда Оман менен (конокто) оюн бар (11-июнь).



