ИИМ: Кара-Суу районунда бир жарым миллион сомго алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2024-жылдын май айында милицияга арыз менен Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, анда 2022-жылы жай айында Сарай айыл аймагынан жер тилкелерин алып берем деп ишеничке кирип, 1 440 000 сом акча алып, бирок акчасын кайтарып бербей же жер тилкесин бербей изин жашырып кеткен «Куту» атту жаранга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси менен кылмыш иш козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, алдап кеткен жаранды аныкташты. Ал ошол Кара-Суу районунун тургуну 1970 жылы туулган М.К. атту жаран экендиги такталды.
2024-жылдын 30-май күнү ИИМдин КИББнын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, 1970 жылы туулган М.К. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктап кармап, Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Шектүү болгон 1970 жылы туулган М.К. аттуу жаран ИИМдин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.



