Коом
Мэрия “Аккула” ипподрому боюнча аукциондун өтпөй калган себебин айтты

Муниципалитет 1-аукцион 16-майда өтмөктүгүн, бирок арыз жок болгондуктан өтпөй калганын маалымдады. Эми кайрадан аукцион жарыялады.
Белгилей кетсек, ат майдандын аянты 45,73 гектар. Объектинин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом (97 млн. доллардын тегереги) деп бааланган.
Бишкектин мэри мурдагы “Аккула” ат майданынын ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын билдирген эле.



