Коом

Коронавирус. 143 бейтап сакайып, кайра 53 кишиден аныкталды

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 143 бейтап айыгып, кайра 53 киши жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек — 59;

Ош шаары — 1;

Чүй облусу — 6

Ош облусу — 10;

Нарын облусу — 2;

Талас облусу — 1;

Ысык-Көл облусу – 17;

Жалал-Абад облусу — 28;

Баткен облусу — 19.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:

Бишкек — 11;

Ош — 2;

Чүй облусу — 7;

Ош облусу — 3;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 9;

Жалал-Абад облусу — 10;

Баткен облусу — 8.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 оорусу аныкталгандардын саны 44 881ге жетти. Анын ичинен 40 922си айыкты. Тилекке каршы, дарт 1063 адамдын өмүрүн алган.

Учурда стационарда 509 адам дарыланып жатат. Мындан сырткары, үйдө медициналык жардам алып жаткандар дагы бар. Алардын саны 1973тү түзөт.

Күн сайын медиктер арасында коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталып жатат. 13-сентябрга карата Баткен облусунда бир ак халатчан оору илештирип алган. Ошол эле учурда 16 медик коронавирусту жеңип, сакайып чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button