Эмгек министрлиги мигранттарга 34 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акыны кайтарып берүүгө жардам берди

2025-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү КРнын 376 жаранына төлөнбөй калган эмгек акысын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү. Жалпы сумма 34,3 млн рублду түздү.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, мындан тышкары, 10 кыргызстандыкка өндүрүштүк жаракаттан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн 15,9 млн рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүлүп берилди.
Өкүлчүлүк 2022-жылдын ноябрында ачылгандан бери Кыргызстандык 1 миң 523 эмгек мигрантына жардам көрсөтүлдү. Аларга төлөнбөй калган эмгек акы жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн компенсациялар катары 134 млн рублдан ашык каражат өндүрүлүп берилген.
КРнын Эмгек министрлигинин РФдагы өкүлчүлүгү чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын эмгек укуктарын коргоону улантып, эмгек акы жана компенсация маселелеринде колдоо көрсөтүп келет.



