Коом
Бүгүн өлкөдө күндүн табы 40 градуска чейин ысыйт

Бишкекте 38 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Медиктер мээ кайнаткан ысыкта дени сак кишилер деле этият болушу керектигин айтып келет.
Ысыктан сактануу жолдору:
▪️Көлөкөдө басыңыз, зарыл иш жок болсо чак түштө көчөгө чыгып кереги жок
▪️Табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң
▪️Кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, суу ичүү сунушталат
▪️Ичкен суусундук өтө муздак болбошу керек
▪️Жуунганда өтө муздак сууга түшпөш керек
▪️Спирт ичимдиктерин ичүү да сунушталбайт
@abal-kg



