Коом

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун теңинен көбү тоннелдер аркылуу өтөт

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун республика аймагындагы бөлүгүнүн жарымынан көбү тоннелдер аркылуу өтөт.

Транспорт министрлиги долбоордо 29 тоннелдин курулушу каралганын, жалпы узундугу 104,83 чакырымды түзөрүн билдирди.

«29 тоннелдин баарында (анын ичинде узундугу 5 чакырымдан ашкан 8 тоннель) жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө. Коридор боюнча жалпы үч ири тоннель куруу пландалган, ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат», — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле темир жолдун бүт аймагы боюнча 192 миң 323 чакырым убактылуу жол курулганы кошумчаланды. Төрт трансформатордук станция орнотулуп, 2 095 мамы коюлган жана 259 чакырым электр зымы тартылган.

Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button