Коом

Милициянын майору Улукбек Балагазыевдин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча кезектеги турнир болуп өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын спорттук комплексинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгына жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон милициянын майору Балагазыев Улукбек Балагазыевичтин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча кезектеги турнири болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтарынын кызматкерлери, Улукбек Балагазыевдин туугандары катышты.
Турнирдин жыйынтыгында 3-орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча кызматынын 1-командасы, 2 — орунду Бишкек шаардык ИИББнын командасы, ал эми 1-орунду Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын 2 — командасы ээлеп, жеңүүчүлөр кубок, дипломдор жана вымпелдер менен сыйланышты.
Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты чабуулчу” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.
Бул иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Улукбек Балагазыевге арналып куран окутулду жана ал тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын түзүлгөн күнүнө карата жана ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн айрым кызматкерлерге Ички иштер министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.
Иш-чарага Кызматтын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Ж.Н.Джугариев жетектеген ардагерлер катышып, кызматкерлерди куттукташты жана акыл-насааттарын айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button