Коом
Бишкек мэриясы жолдогу тыгынды жоюунун дагы бир жолун айтты

Калаа бийлиги башка шаарлардан келген айдоочуларды Бишкекте коомдук транспорт менен жүрүүгө үндөй турган системаны иштеп чыгууда.
Буга чейин борборго аймактан кирген автоунаалардан жыйым алуу пландалганы айтылган эле. Машинасын токтоочу жайга калтырып кеткен айдоочуларга автобустарда жол кирени акысыз кылуу каралып жатат.
“Биз учурда бардык автобекеттерди шаардын сыртына чыгарууну пландап жатабыз, ал жакта токтотуучу жайлар болот. Башка шаардан келген айдоочу токтоочу жайга төлөгөн акчасын бонус катары Бишкектеги коомдук транспортко төлөсө боло турган системаны ойлонуштуруп жатабыз. Муну менен автобекетке машинасын таштап, шаарда автобус менен жүрүүгө үндөйбүз”, — деди мэр Айбек Жунушалиев “Кабарга” берген маегинде.



