Коом

«Манас» аэропортуна экспресс-автобус каттай баштады

Бишкек шаарында 8-июлдан тарта №153 муниципалдык экспресс автобус каттамы иштеп баштайт.

Каттамдын акыркы аялдамалары 12-кичи райондо жана “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашат. Каттамды “Isuzu” үлгүсүндөгү, 12 метрлик, 3 эшиктүү, 17 даана заманбап автобус тейлейт. Аралыгы 10-12 мүнөттү түзөт.

Аталган автобустар экспресс тартипте иштейт. Белгиленген гана аялдамалардан токтойт. Салондогу отургучтардан ашыкча жүргүнчү салбайт. Буга байланыштуу тариф дагы башкача. Бишкек шаарынын мэриясынын 4-июлдагы токтомуна ылайык №153 муниципалдык автобуста жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом.

Каттамды тейлеген автобустар кондиционер жана накталай эмес төлөм аткарууга керек жабдуулар менен жабдылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button