Маданият

Назира Айтбекованын мурдагы күйөөсү Айтбекова тууралуу билдирүү жасады

Искендер Шаршеев теле алып баруучу тууралуу  жаңы жагдайларды айтты. Ал өз оюн социалдык тармакка жазып чыкты. Билдирүүнүн текстин өзгөртүүсүз беребиз.

“Ажырашуу учурунда өткөн жашоого эшикти жаап койдум деп ойлочумун. Бирок кээ бир адамдар ошол эшиктин ачкыч тешигине тыгынууга аракет кылып жатышат.

Акыркы 5 жылдан бери мага жаман билдирүүлөр келип жатат. Адамдар, калайык! Чындап эле бирөөнүн жашоосуна кызыгып, маңызын билбей, өзүңө таптакыр чоочун адамдарга ылай куйгандан тышкары кыла турган ишиңер жокпу.

Эгер унчукпай отурсам, бул мен жана менин үй-бүлөм жөнүндөгү жомоктор чын экенин билдирбейт. Бир жактуу маалымат болбосун деп, башыңыздагы элес сүрөт туура тизилип турушу үчүн сиздерге хронометраж жасап берейин.

Назира экөөбүздүн ортобузда ажырашуу тууралуу сөз биринчи жолу 2015-жылы башталган. Биз таптакыр бири бирибизге төп келишпеген адамдар болчубуз. Башка үй-бүлөдөгүдөй түшүнбөстүктөр экен го деп жүргөм. Бала үчүн үй-бүлөнү сактап турганбыз. Акыркы жылы бактылуу үй-бүлөнүн жүзүн элге тартуулаганбыз. Бирок табиятынан бул нерсе көпкө чейин улана алган жок. 2016-жылдын  күзүндө Дубайда өзү кезектеги чет элдик эс алуудан кийин Назира бардык буюмдарын жыйнап, баласы менен өз апасын үйдөн көчүрүп кетип, аз убак өтүп “талак” сураган. Ажырашууга арыз бергенбиз. Назира ажырашуу тууралуу эч кимге айтпай турууну суранды, анын себебин — коомдо ажырашкандар үчүн кыйынчылыктар көп болот, деп түшүндүрдү. Мен макул болдум. Алыскы эмес келечекте мага ошонун кесепети катуу тийди, бирок бул тууралуу кийинчерээк.

Ажырашууга арыз таштадык. Уулума чет элдик паспорт жасап бердим, мурунку жубайдын чет элдеги жеке жашоосу орундалган болчу. Ажырашуу процесси жарым жылга созулду, сот дагы ойлонгула деди. Бул убакыттын ичинде, мурунку жубай айтканына ылайык, анын башка менен карын-катнаштары алдыга жылбай калды.

Бул жерден туура түшүнүшү керек, ажырашкандан кийин, биз кадимки сый-урмат мамиледе жүрдүк. Уулум үй-бүлөдөгү күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн улам жабыркап калбасын деп үчөөбүз тез-тез жолугушуп жаттык, чогуу убакыт өткөрүп.

2016-жылдын аягында декабрь айында Эльвира менен жаңы жылдык кечеден таанышып калдым. Ал жерде: «баш заматта айланды-тегеренди, карын-катнаш от алды» деген нерсе болбоду. Жок. Мен жаңы мамиле курайын деп жаткан жокмун. Мен эч качан турмуш куруп аял алып азапка кайта малынбайм деп ойолонуп жаткам (мурунку никемден бир топ түңүлүп калгам).

Ооба, Элли дагы өзүнүн жашоосун ажырашкан адам менен байланыштыргысы келген эмес, анын бир нече жолу жолугушуудан баш тартканына караганда. Мен аны кышта кезикенден бери бир топ убакыт ашканда гана жаңы жолугушууларга чакыра баштагам.

Ажырашуу тууралуу «чатак» фотосессияга чейин эч ким билген эмес. Журналисттер мага телефон чалып, ар кандай адамдар жазып, “аялыңдын” сүрөттөрүнө кандай карайсың деген суроолорду бере башташты. Ажырашуу боюнча интервью берүүгө туура келди. Ошол интервьюдан соң эки тарапка ылайык болду. Никеси жок деп үй-бүлөлүк абалын жаңылоо үчүн паспорун өзгөртүү тууралуу кубанычтуу билдирүүлөрүнө чын жүрөктөн кубандым. Анын Түркиядан, Дубайдан түшкөн сүрөттөрү, чын жүрөктөн кубанычыма ээ болушту, демек мен менен канатын жайылта албай жаткан турбайбы, ырас болуптур. Адамдардын кыялдары орандалганын көргөндөн артык эч нерсе жок тура. Эмнеге буга чейин ажырашышкан эмес элек, эмнеге мынча убакыт бири-бирибизди кыйнаштык, — деп ойлодум. Бири-бирибизге эки сол бут өтүткөй төп келиптирбиз, какшыктаса.

2017-жылдын жай айларында калың-эл мени Эльвиранын коштоосунда улам-улам көрө башташты, анан балээ башталды… Көптөгөн тааныштар ызы-чуу салышты, себебин эсиңиздерге сала кетейин: “Мен ачыкка чыгарбоого макул болдум ажырашуу абалын». Чындыгында орус ылакабындагыдай: «Жакшылык кылба, сага жамандык болбойт» эле болду. Үй-бүлөлүү болгондон кийин баары мени башка кыз менен аялынын көзүнө чөп салып жүрөт деп ойлошту. Кээбир тааныштардын аялдары менин багытыма жек көрүү, жиэркенүү сезимдерин нурдандырышты. Эми баарынын күтүлбөс таң калууларын элестеткиле, эгер бул фотосессия болбогондо ажырашуу жарыясы болмок эмес. Анда тынч жөн жай туруп тарс эткендей мен жаңы аял алсам огой бетер элдин ээси оомок.

Бирок, эгер тигинин пландаштырылган жеке жашоолору ишке ашса, баары башкача болмок деп ойлоп калам. Албетте, сиздердин назарыныздарга —  алданган күтүүлөр, таштап кеткен аял ыйы, тирилей ата турганда жетим болуп калган уул, жана башка ушул сыяктуу жүрөк өйүткөн уламыштар болмок эместир?! Болгону мен, ушундай шерменде, эрте үйлөнүп алыптырмын. Жээ негизи үйлөнүптүрмүн.

“Балага кам көрбөгөн”, ”көчөгө айдаган” деген өзүнчө баяндар бар, алар, сиз ойлогондой эмес, калп.

Андыктан жалган божомолдорду жасабаңыз. Эч ким эч кимди таштаган жок. Хронология боюнча мен тараптан чыккынчылык да болгон жок.

Андыктан, ар дайым эсиңизде болсун: «Сиз үчүн коюлган шоу — бул жөн гана шоу.»

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button