Коом
Кыргыз милициясына 100 жыл!
ИИМдин атайын багыттагы полкунун Талас облусундагы атайын операциялар отрядынын кызматкери Бек Нурбек уулунун жубайы Сайкал Калыгулованын калемине таандык ыр саптары.
Уйкусу сак, жүрөгү курч жолдошум,
Үй-бүлөм деп эч кабатыр болбогун
Тынч уйкуда уктап жатат наристең,
Ак кызматта эл жериңди коргогун!
Жүзү нурлуу, кең пейилдүү жолдошум.
Үй оокаты, жумуш калды дебечи
Бир өзүңө мен өмүрлүк жардамчы
Берген антка так болсун дейм себеби
Жубайым деп дайым сыйлап турасың,
Погонуңа куп жарашып кыялың.
Милдетиңди аткара бер сыймыктуум
Толуктап жүр милициянын курамын!
Бир кылымдык тарых жыйнап, барк жыйнап
Алгалай бер сакчылары элимдин.
Кызматыңдын сыйын көрүп дайыма
Жүгүн көтөр татыктуу өз жериңдин!