Коом

Үч айда Кыргызстанга 3,3 млн киши кирди. Анын жарымы туристтер

2024-жылдын биринчи кварталында (январь-март) Кыргызстанга 3,3 миллион киши кирди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев билдирди.

Анын ичинен 1,6 миллион киши турист катары келишкен.

Максат Усубалиевдин айтымында, жыл санап Кыргызстанды көрүүгө жана эс алууга келген чет элдиктердин агымы көбөйүүдө.

2022-жылы жылы өлкөгө кирген 10,6 миллион адамдын 6,5 миллиону турист болсо, былтыры 14 миллиондун  8,5 миллиону саякаттоо максатында келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button