Спорт
Валентина Шевченко Грассо менен болгон беттеште бармагын сындырып алган

Валентина Шевченко мексикалык Алексей Грассо менен мушташуу учурунда колун сындырып алган.
Беттештин биринчи раундунда Шевченко баш бармагын сындырып алган. «Колумдан жаракат алдым. Майдаланган сыныкка хирургиялык кароо керек», — деп жазган Шевченко.
Эске салсак, беттеш 17-сентябрда Лас-Вегаста өтүп, 47:47, 48:47, 47:48 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Грассо чемпиондук титулун сактап калды.



