Бишкекте Кыргызстандын сот эксперттери менен Россиянын Бажы кызматындагы адистердин кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын базасында Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын Борбордук эксперттик-криминалистикалык бажы башкармалыгынын (БЭКБУ) башчысы Георгий Самосоров жетектеген делегация менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу соттук жана криминалистикалык экспертиза чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында уюштурулуп, негизинен баңги заттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын прекурсорлорун талдоо маселелери каралды.
Тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
• Кыргызстандын Соттук-эксперттик кызматынын лабораторияларынын техникалык жабдылышын;
• БЭКБУда жүргүзүлүүчү экспертизалардын ыкмаларын жана практикаларын;
• Контролдоого алынган заттардын ар кандай топторун идентификациялоодогу кыйынчылыктарды жана мыйзамдардагы айырмачылыктарды эске алууну;
• Так идентификация үчүн зарыл болгон методикалык камсыздоону жана спектралдык китепканалар;
• Прекурсорлорду аспаптык ыкмаларды колдонуу менен сапаттык жана сандык жактан талдоонун заманбап ыкмаларын.


Ошондой эле эксперттердин квалификациясына коюлуучу талаптарга жана аналитикалык методикаларды жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар мыйзамсыз баңги жана психотроптук каражаттардын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү багытында эксперттик потенциалды өнүктүрүү, билим жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.



