Окуялар
Бишкекте бордюрду талкалап, жолдун аркы өйүзүнө чыккан айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Борбор калаада бордюрду талкалап, көк майсаңды тебелеп кеткен айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Буга чейин оңдолуп жаткан Жибек Жолу көчөсүндө автотыгында турган жолтандабас бордюрду тебелеп кеткен видео социалдык тармактарга тараган.
ЖКККББ эрежени одоно бузган адамга 15 миң сом айып салып, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаасын айып короого киргизди. Ошондой эле айдоочу милицияга жеткирилген. Эми ал талкалаган бордюрду оңдоп бериши керек.



