Окуялар

Кой-Таш айылында аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып бир киши каза болду

Аламудун районунун Кой-Таш айылында аскер кызматкери унаа башкара албай, жөө адамды коюп кеткен. Чүй облустук УОБДДнын маалыматына караганда, кырсыкта адам каза болуп, бир нече киши жаракат алган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн сержанты Ж. уулу Н., 2000-жылы туулган, «Тойота Хайлендер» унаасын Борбордук көчөсү аркылуу айдап баратканда, башкарууну жоготуп, көчө жээгинде турган К. Д., 1960-жылы туулган жаранды коюп кеткен. Андан соң унаа экскаваторго барып урунган.

Кырсыктын кесепетинен жабыркаган дагы үч жүргүнчү — айдоочунун кызматташтары: К. уулу А. (1989), Н. М. К. (1989) жана О. У. К. (1982). Ошондой эле экскаватордун айдоочусу Н. Н. М. (1979) жаракат алган.

Учурда кырсыкка тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button