Коом
Тилек Матраимовго Ош облустук соту 300 миң сом айып салды

Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго өкүм чыкты.
Ош облустук сотунун маалыматы боюнча, Тилек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) боюнча айып тагылган.
Кара-Суу райондук соту 11-июнда аны күнөөлүү деп таап, 1 млн сом айып салган. Ошондой эле 3 жылга мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөө укугунан ажыраткан.
Кийин иш облустук сотто каралып, өкүм 6-августта чыккан. Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, тиешелүү келишим түзгөн. Сот 79-берененин 1-бөлүгүнө (күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) ылайык, буга чейин чыккан өкүмдү өзгөртүп, Матраимовго 300 миң сом айып салган.



