Денеси катып, оозу ачылбай калган: Жалал-Абадда 15 жаштагы өспүрүм сейрек кездешкен оорудан кантип сакайганын айтып беришти

Жалал-Абадда акыркы 20 жылда биринчи жолу катталган өлүмгө алып келүүчү селейме оорусунан 15 жаштагы өспүрүм аман калды.
Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында сейрек кездешкен кооптуу селейме (столбняк) оорусуна чалдыккан 15 жаштагы өспүрүм сакайып, 9-ноябрда үйүнө чыгарылды. Дарыгерлердин айтымында, бул акыркы 20 жыл ичинде облус аймагында катталган биринчи учур болду.
Кырсык талаада болгон
Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылынын 15 жаштагы тургуну Мухамеддалы болжол менен 20-сентябрда талаада мал кайтарып жүрүп, бутун камышка кестирип алган. Окуядан бир жума өткөндөн кийин өспүрүмдүн денеси ооруп, жаак булчуңдары катып, оозун ача албай кыйнала баштаган. Бул белгилер пайда болгондо ата-энеси аны Сузак аймактык ооруканасына алып барышкан.
Өспүрүмдүн атасы Хасан Арзыкулов уулунун абалы саат сайын оорлогонун эскерет:
«26-сентябрда Сузак ооруканасына алып бардык, ал жактан облуска жазып беришти. Ошол күнү эле реанимацияга түшүп калды. Баламдын буту-колдору бүгүлбөй, белден ылдый тарабы катып калды. Арка көздөй ийилип кыйналганда араң унаага салып келдик. Чындыгында катуу корктулук. Кудайга шүгүр, дарыгерлер сакаайтып беришти. Мен калкка мамлекет тарабынан берилүүчү эмдөөнү учурунда алууга чакырат элем», — дейт Х. Арзыкулов.
Дарыгерлердин кылдат эмгеги жана диагноз
Реаниматолог Дилдора Анваржанованын айтымында, бала ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Текшерүү учурунда камыш кирген жер кесилип, анын ичинен камыштын бөлүктөрү чыгарылган. Бейтапка селеймеге каршы сыворотка сайылып, ууну зыянсыздандыруучу дары-дармектер колдонулган. Жалпысынан өспүрүм бир айга жакын ооруканада жатып, анын 15 күнүн жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарылануу менен өткөргөн.
Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жетекчисинин орун басары Айдай Сапарбаева бул ооруну Clostridium tetani бактериясы козгой турганын түшүндүрдү. Бактерия споралары топуракта, чаңда, малдын жана адамдын заңында жылдап жашай берет.
Дарыгер оорунун негизги коркунучтарын төмөндөгүчө белгиледи:
- Нерв системасын ууландыруу: Бейтаптын денеси карышып (опистотонус абалы), булчуңдардын тартылуусунан денеси артка жаа сыяктуу ийилип калат.
- Алгачкы белгиси: Бейтаптын жаак булчуңдары катып, оозун ача албай калат.
- Өлүм коркунучу: Оору өз убагында дарыланбаса, дем алуу булчуңдары шал болуп, жүрөк токтоп калышы мүмкүн. Түшүп жаткан катуу чыңалуудан сөөктөр сынып кетиши да ыктымал.
Дарыгерлер белгилегендей, өз убагында жасалган эмдөө гана мындай оор жана өмүргө коркунуч туудурган оорулардын алдын алат.



