Коом
Бишкекте оор жүк ташыган 64 унаага айып салынды

Мэриядан 1-июнь-19-август ичинде бул жааттагы атайын буйрукту этибарга албагандар аныкталганын билдиришти.
Эске салсак, күн 28 градустан өйдө ысып кетсе, Бишкектин ичинде 18 тоннадан ашык жүк менен саат 10:00дөн 19:00гө чейин жүрүүгө тыюу салынган.
Андыктан, эрежени сактабагандыгы үчүн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга протокол түзүлүп, 342 200 сомдук айып салынган.
Буга чейин «ысыкта асфальт эмес, мээлери эрип калганын» айткан вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Бишкектеги жаңы оңдолгон жолдордун кайрадан бузула башташына аптапта жүргөн «автоунаалар, оор автобустар» себеп деген эле.
@abal-kg



