Коом

Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстандын командасы тоют, чөптөрү менен барат

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн улуттук курама команданын мүчөлөрүн жана аттарды Астанага алып барып келүү үчүн тендер жарыялады.

Ал үчүн дирекция 11,3 миллион сом сарптамакчы. Ал акчага көк бөрү, эр эңиш, чабыш жана башка улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге катышуулардын коопсуздук камсыздоо менен Казакстанга жеткирүү талабы коюлат.

Улуттук курама өзү менен бирге малга керектүү тоютту дагы алып кетмекчи.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция жарыяны 20-августта гана Мамлекеттик сатып алуу порталына жайгаштырып, арыздар 26-августка чейин кабыл алат.

Көчмөндөр оюну 8-14-сентябрда Казакстандын борбору Астанада өтөт

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button