Саясат

Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына барды.

Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Этимесгут” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.

Президент Садыр Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышмакчы.

Тектеш кабарлар

Back to top button