Декабрдан тарта унаанын мамлекеттик номерлери жана техпаспорттору үйгө жеткириле баштайт

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-декабрынан тарта унаалардын мамлекеттик номерлерин жана техникалык паспортторун ээлеринин үйүнө жеткирүү кызматы ишке киргизилиши пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, унааны каттоодон өткөргөндөн кийин жарандар даяр документтерин жана мамлекеттик номерлерин алуу үчүн каттоо бөлүмдөрүнө жеке барууга муктаж болбойт.
«1-декабрдан тарта техпаспорт сиздин атыңызга даярдалса, аны үйүңүзгө жеткирип беришет. Сиз жөн гана кабыл аласыз. Биз адам факторун жоюшубуз керек», — деди Туманбаев.
Ал мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн натыйжасында жарандардын мекемелерге жеке кайрылуу зарылдыгы кыйла азайганын белгиледи. Анын маалыматына караганда, учурда өлкөдө тиешелүү жол-жоболордун 89–90 пайызы онлайн жүргүзүлөт.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда транспорт каражаттарынын айрым категорияларын «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн каттоо киргизилген. Бирок буга чейин даяр мамлекеттик номерлерди жана техникалык паспортторду алуу үчүн унаа ээлери «Унаа» мекемесинин бөлүмдөрүнө жеке барууга аргасыз болушкан.
Жаңы кызмат документтерди жана мамлекеттик номерлерди каттоо борборуна барбастан алууга мүмкүндүк берет.
Азырынча жеткирүү кызматы акы төлөнүүчү болобу, алгач кайсы аймактарды камтыйт жана документтерди жеткирүү канча убакытты алары тактала элек.



